Магистрдик программалар - Бишкекский Ресурсный Центр Фонда «Сорос – Кыргызстан»

  Биздин студенттер чет өлкөдө      Суроо жооп      Сиздин ой пикериңиз      Байланыш дареги      КРдагы EducationUSA Борборлору


КЫР    РУС    ENG


Борбор жөнүндө

Биз жөнүндө

Биздин сунуштар

Биздин жаңылыктар

Ишмердиги

Образовательные ярмарки

Неделя международного образования

Выездные мероприятия

АКШда билим алуу

Выбор ВУЗа

Подготовка документов

Написание сочинения

Финансовая помощь

АКШда окуу китеби

Полезные ссылки

Тесттер

TOEFL

SAT

ACT

GRE, GMAT

Программалар/Конкурстар

Стипендиялык программалар

Opportunity Grant

Жаңы программалар

Англис тил программалары

АКШдагы ЖОЖдор

Конференциялар

Summer schools

Кыргызстанда билим алуу

Кыргызстан тууралуу

Кыргызстандагы билим системасы

Кыргызстандагы ЖОЖдор

КРнын техникумдары

Сайттан издөө

 



Education USA


Soros Foundation Kyrgyzstan


VCO


 

Магистрдик программалар

EDMUND S. MUSKIE GRADUATE FELLOWSHIP PROGRAM (MUSKIE)

 

Edmund S. Muskie Graduate Fellowship Program (MUSKIE) АКШ Мамлекеттик департаментинин Билим жана Маданият иштери бюросунун программасы, жана IREX тарабынан ишке жүргүзүлөт. MUSKIE Армения, Азербайджан, Белоруссия, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Таджикистан, Түркмөнстан, Украина жана Өзбекстан кардарларына Магистратура деңгээлин АКШдан алууга мүмкүнчүлүк берет. 

 

http://www.irex.org/programs/muskie/index.asp

 

 

 

OSI/FCO CHEVENING PROGRAM

 

Программа  Будапешт - Ачык Коом Институту жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана Кызматташтык иштери боюнча министрлиги тарабынан каржыланат. Программа илимдин магистри  даражасын алууга багытталган дипломдон кийинки бир жылдык окууга стипендияларды берет. Стипендияга бир жылдык окуу акысы, жатакана акысы, транспорттук чыгымдар (бир адамга) кирет. Программага республикада жашаган, 35 жаштан ашпаган, англис тилин мыкты билген жана эң жогорку академиялык ийгиликтерге жетишкен Кыргызстандын жарандары катыша алышат. Программа Эдинбург Университетинде, Оксфорд Университетинде, Йорк Университетинде  дипломдон кийинки окуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул программа "Кыргызстан - Сорос" Фонду тарабынан тейленет. Программа октябрь айында жарыяланат. 

 

http://www.soros.kg/ky/educational_scholarship/

 

 

 

OSI/DAAD PROGRAM

 

Программа Будапешт-Ачык Коом Институту жана DAAD кызматы тарабынан жүзөгө ашырылып, Германияда дипломдон кийин окуу үчүн стипендияларды (бир айдан үч жылга чейинки мөөнөткө) берет. Программа Германиядагы кесиптештери менен кызматташууга, окутуунун жана билим берүүнүн жаңыча методикаларын окуп- үйрөнүүгө, изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк түзүп берет. Программанын алкагында Илимдин магистри даражасын алууга стипендиялар, диссертацияларды коргоо жана илимий стажировкалар үчүн стипендиялар берилет. Программага республикада жашаган, 32 жаштан ашпаган, немец же англис тилдерин билген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат. Бул программа "Кыргызстан - Сорос" Фонду жана Кыргызстанда ДААД маалыматтык борбору тарабынан тейленет. 

 

http://www.soros.kg/ky/educational_scholarship/

http://www.daad.edu.kg/

 

 

 

SOCIAL WORK MASTERS FELLOWSHIP PROGRAM

 

Программа социалдык саясатты иштеп чыгууга жана  социалдык реформаларды жүргүзүүгө тартылган, ошондой эле Кыргызстанда социалдык иштерге өбөлгө түзгөн социалдык кызматкерлердин АКШда магистратурада окуусуна мүмкүндүк түзүп берет. Программа эки жылга эсептелген. Программа Колумбия Университетинде, Вашингтон Университетинде окууга  мүмкүндүк берет. Программага катышуу үчүн төмөндөгү талаптарга жооп берүү зарыл: Кыргызстандын жараны болуу;

Жогорку билими жөнүндө артыкчылык дипломуна ээ болуу (4-5 жыл окуу); Англис тилин билүү (оозеки жана жазуу жүзүндө); Жогорку деңгээлдеги кесиптик чеберчиликке жана лидерлик сапаттарга ээ болуу. Программа сентябрь айынын аягында жарыяланат. Бул программа "Кыргызстан - Сорос" Фонду тарабынан тейленет.

 

http://www.soros.kg/ky/educational_scholarship/

 

 

 

OSI/CNOUS/FRENCH EMBASSY PROGRAM

 

Программа  Будапешт - Ачык Коом Институту, Кыргызстандагы Француз консулдугу  жана  Франциянын университеттери менен мектептерине  колдоо көрсөтүүчү улуттук борбор (CNOUS) менен бирдикте жүзөгө ашырылат. Программа төмөндөгү багыттар боюнча Франциянын университеттеринде окууга мүмкүндүк түзүп берет: философия, тарых, социология, саясий илимдер, антропология, этнология, экономикалык теория, укук теориясы, мамлекеттик башкаруу. Программа бир жылга эсептелген. Программага республикада жашаган, жогорку билими жөнүндө диплому бар жана француз тилин билген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат. Бул программа "Кыргызстан - Сорос" Фонду жана Кыргызстандагы Франция Элчилиги тарабынан тейленет. Программа октябрь айында жарыяланат.

 

http://www.soros.kg/ky/educational_scholarship/

 

 

 

CENTRAL EUROPEAN UNIVERSITY

 

Программанын алкагында төмөндөгү багыттар жана адистиктер боюнча академиялык жетишкендиктердин негизинде толук же жарым-жартылай финансылык жардам көрсөтүлөт: Экономика (MA, PhD); Орто кылым боюнча изилдөөлөр (MA, PhD); Айлана-чөйрө жана айлана-чөйрө жагындагы саясат (MS, PhD); Улутчулдук (MA); Гендерлик изилдөөлөр (MA, PhD); Философия (PhD); Тарых (MA, PhD); Саясий илимдер (MA, PhD); Эл аралык мамилелер жана Европалык изилдөөлөр (MA); Социология жана социалдык антропология (MA, PhD); Укук (LLM, MA, SJD); БЕУ бизнес мектеби (ВВА, МВА IMM, MS); Математика жана анын кошумча тиркемелери (PhD); Мамлекеттик башкаруу (MРР). Бул программа "Кыргызстан - Сорос" Фонду тарабынан тейленет.

 

Өтүнүч каттын формасы http://www.ceu.hu/ сайтында on-line режиминде толтурулат.

 

http://www.soros.kg/en/educational_scholarship/

 


 

Жазылуу


27 апреля 2012

Opportunity Grant program applicants


23 апреля 2012

Meeting with Aleksanders Ans, Gilman Scholars will be on Friday, April 27, at 4:30 in the conference hall of the Foundation Soros Kyrgyzstan


18 апреля 2012

Meeting with Aleksanders Ans, Gilman Scholars will be on Friday, April 20, at 4:30 in the conference hall of the Foundation Soros Kyrgyzstan


5 апреля 2012

ПРОГРАММА МИРОВЫХ ДОПОЛНИТЕЛЬНЫХ ГРАНТОВ (GSGP 2011-2012)


 

ACT Test Center in Bishkek


Обновленные даты теста TOEFL в Кыргызстане



Обновление: 21.04.2008, 11:42

Все права защищены

 

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта
1nkognitA дизайн сайта дизайн баннера разработка дизайна
WebCore Engine CMS управление сайтом мощность надежность безопасность